Ош МУда өткөн факультеттер аралык спартакиадада медколледж (Ош) 1-орунду ээледи.

2015-02-18 15:11:38 246

Ош МУда өткөрүлгөн факультеттер аралык спартакиадада (агайлар, эжекелер) медициналык колледждин окутуучулары командалык 1-орунду ээлешти. Волейбол, баскетбол, футбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси боюнча алдыңкы орундарды камсыз кылуу менен ынтымактуу жамаат экендигин далилдей алышты. Келечекте дагы мыкты спорттук ийгиликтерди жаратууга аракеттер, камылгалар көрүлөт.