2-декабр күнү мамлекеттик тил кафедрасы (медколледж Ош) манас таануу курсу боюнча брейн-ринг өткөрдү.

2014-12-04 16:14:05 317

2014-жылдын 2-декабрында ОшМУнун медициналык колледжинин мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары тарабынан манас таануу курсу боюнча брейн-ринг өткөрүлдү. Анда «Айкөл Манас» (окутуучусу Э.Арпидинов), «Арууке» (окутуучусу К.Чотикеева), «Бакай» (окутуучусу Жолдошова А.), «Каныкей» (А.Айтманбетов), «Манас» (окутуучусу Мамазаитова Б.) командалары катышышып, предмет боюнча алган билимдерин сынашты. Бардык командалар өздөрүнүн активдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында төмөнкүдөй орундар белгиленди: I орун – «Каныкей» командасы (37 балл); II орун – «Бакай» командасы (35 балл); III орун – «Арууке» командасы (31 балл). Командалардагы төмөнкү студенттер өзгөчөлөнгөн жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшүп, манас таануу курсу боюнча 6-декабрда ОшМУда өткөрүлүүчү брейн-рингге жолдомо алышты: 1.Маматов Азамат - ФР-4-14 2.Үсөнбек к. Айзирек - СД-6-14 3. Бегали к. Орозгүл - СД-14-14 4.Калматова Жылдыз - ЛД-7-14 5.Сүннаталы к. Мээринса - АД-7-14