1-курстардын алгачкы конгуроосу

2019-11-03 22:49:03 284

Медициналык колледжде биринчи курстарын кабыл алуу аземи өттү. Бул иш-чара Бабур атындагы өзбек драма театрында болду. Иш-чарага биринчи курстардын студенттери, колледждин активдери жана окутуучулар катышты. Салтанаттуу аземди медициналык колледждин директору К.Аттокуров ачып берип, биринчи курстардын студенттерине студенттик жана окурмандык билеттер тапшырылды жана ар бир тайпага белектер берилди. Концерттик программа менен башталган кечеде таланттуу студенттердин чыгармачылыгына күбө болушту.