Медициналык колледжге Андижан медициналык колледжинен 20 адамдан турган делегация тажрыйба алмашуу максатында келишти.

2019-04-13 01:23:28 246

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана ОшМУнун 80 жылдык юбилейине карата "Учурдагы орто медициналык окуу жайларындагы билим берүүнүн эффективдүүгүн көтөрүүдөгү актуалдуу маселелер аттуу" илимий жумалыктын алкагында, 2019-жылдын 12-апрелинде ОшМУнун башкы корпусуна жана медициналык колледжге Андижан медициналык колледжинин директору баштаган 20 адамдан турган делегация тажрыйба алмашуу максатында келишти. Бул иш-чарада 2 окуу жайдын кызматташуусу жана мындан аркы мамилени чыңдоо максатында тегерек стол болуп оттү. Медициналык колледжинин материалдык-техникалык базасы, жана окуу процессинин өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.