Жалпы республика боюнча ишембилик күнү

2019-03-16 11:19:46 262

2019-жылдын 16 – мартында жалпы республика боюнча ишембилик күнү деп белгиленди. Ошонун алкагында ОшМУнун медициналык колледжинде чоң ишембилик болуп өттү. Айлана-чөйрөнү тазалоо, арыктарды чабуу, керексиз таштандыларды чыгаруу жумуштары жүргүзүлдү. Медициналык колледждин директору доц. К. Аттокуров баш болгон, профсоюз уюмунун төрайымы К.Кожомбердиеванын уюштуруусунда колледждин айланасындагы жерлер картага бөлүштүрүлүп, иш алгылыктуу жүрдү. Фармация кафедрасынын башчысы доц. О. Коланов баштаган окутуучулар жамааты куратордук тайпалары менен активдүү катышты.