28.11.2024ж ОшМУнун медициналык колледжинин терапиялык дисциплиналар ПЦКсы 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД ке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара уюштурду. Иш-чараны медициналык колледждин директору, м.и.к, доцент З.С. Арынов ачып берди. Иш-чарага медициналык колледждин профессордук окутуучулук курамы, жетекчилик, студенттер жана Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун врач эпидемиологу Каныбек уулу Алмамбет катышты. Иш-чарада 3-курс медайым иши адистигинин студенти Токтосунова Айгерим “СПИД” жөнүндө доклад окуду жана 1-курс дарылоо иши адистигинин студенттеринин катышуусу менен СПИДдин жугуу жолдорун чагылдырган сценарий көрсөтулдү. Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун врач эпидемиологу Каныбек уулу Алмамбет “СПИД” оорусу боюнча студенттерге Кыргызстандагы абал, оору жөнүндө жана ооруну ананимдүү аныктоо ыкмалары боюнча кеңири маалымат берди. Студенттер арасында кызыгууну жаратып, суроо-жооп менен коштолду. Иш-чараны уюштуруучулар терапиялык дисциплиналар ПЦК сынын төрайымы Г.А.Мамытова жана ПЦКнын окутуучулары А.И.Арзиева, Ч,С.Амирова, Дооранбек к Элмира, А.Х. Тажибаева, Ш.М.Каримова, А.А.Машрабова, М.С.Абдыкадырова.
"ЖИБЕК ЖОЛУ - 2024" МАССАЛЫК ЧУРКОО ЖАРЫШЫ.
Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата "Жибек жолу - 2024" массалык чуркоо жарышы өткөрүлдү. Марафонго "Терапиялык дисциплиналар" ПЦКсынын окутуучулары: Ажимаматова Нургуль, Борсонов Алимбек, Таджибаева Айсалкын, Ураимова Эльмира, Кеңешова Гулира, Султанова Айпери жана Асилбек кызы Айидалар катышышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Марафонго катышкан окутуучуларыбызга ыраазычылк билдиребиз.
НООРУЗ – ЖАЗ АЛЫП КЕЛГЕН “ЖАҢЫ КҮН” МАЙРАМЫ.
“Терапиялык дисциплиналар” ПЦК сы «Мээрим» ресторанында кесиптештерге майрамдык маанай тартуулашты. Дасторкон улуттук тамактар менен толтурулуп, оюн-зооктор уюштурулуп, жогорку денгээлде өттү.
ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН №6 ЖАТАКАНАДАГЫ КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ ГРАФИГИ
ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН КУРАТОРЛОРУ
ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ

ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ