Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына карата Өзгөн эл аралык медициналык колледжи тарабынан өткөрүлгөн “Медициналык айым иши” жана “Фармация” адистиктери боюнча медициналык колледждер арасында Кыргызстандагы медициналык колледждер Ассоциациясынын Республикалык олимпиадасы уюштурулду
2024-жылдын 20-майында олимпиада онлайн комрьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлдү. Олимпиадага республика боюнча 20 медициналык колледждердин студенттери катышышты. Олимпиадага ОшМУнун медициналык колледжинин “Медициналык айым иши” адистигинин 3-курсунун СД6-21 тайпасынын студенти Толубай к Айгерим катышты. Даярдаган окутуучулары “Терапиялык дисциплиналар” ПЦКсынын төрайымы Г.А.Мамытова, медициналык колледжинин усулдук кенешинин төрайымы Н.Шамшиева жана “Медайым ишинин негиздери” ПЦКсынын окутуучусу У.А.Чотурова.
Төмөнкү курамда комиссия түзүлдү:
Төрайым: Асанова А.К (СИААнын төрайымы)
Мүчөлөрү:
1. Нуржанова Г.К (Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы медайымы Өзгөн ТБ)
2. Турганбаева Г.А (БМКнин ОМБнүн башчысы)
3. Мухтарханова Г.А Я.М (дир. ЧП Мухтарханова)
Олимпиаданын жыйынтыгында “Медициналык айым иши” адистиги боюнча: I орун - Пратбаева Айжан Майлуу Суу медициналык колледжи, II орун- Кожомамбетова Белек, Кара-Балта медициналык колледжи, III орун- Халикова Одинахон Араван “Дулдул-Тоо” медициналык колледжи, III орун- Толубай к Айгерим ОшМУнун медициналык колледжи.
Кыргызстандагы медициналык колледждер Ассоциациясы тарабынан диплом, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
"АКУШЕРДИК ИШИ", "МЕДАЙЫМДЫК ИШИ", "ДАРЫЛОО ИШИ" АДИСТИКТЕРИНИН СТУДЕНТТЕРИ КРУЖОК УЧУРУНДА
ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ИЛИМИЙ ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ

ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсында УЮШТУРУЛГАН КРУЖОКТУН 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНА ТҮЗҮЛГӨН ИШ ПЛАНЫ

ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА ОТЧЕТУ

ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ИЛИМИЙ ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ
2023-жылдын 30-ноябрында “Медайымдык иш боюнча прикладдык бакалавр квалификациясы менен медайымдык адистерди даярдоо” эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Казакстан Республикасынын Талды-Корган медициналык колледжи менен кызматташтык боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюлду.