Мероприятии

2026-жылдын 21-февралында Ош МУнун медициналык колледжинин «Дене тарбия бөлүмү» ПЦКсы директордун тарбия иштери боюнча орун басары Ж.А.Исманалиева менен биргеликте 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата агайлар арасында волейбол, стол тенниси, кол күрөш оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты сергек жашоо образын жайылтуу жана жамааттын ынтымагын бекемдөө. Иш- чараны медициналык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары п.и.к., доцент Д.К.Торобаева, Ош МУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы б.и.к., доцент Саттаров Абсамат Эрмаматович жана медициналык колледжинин «Дене тарбия бөлүмү» ПЦКсынын башчысы И.Ф.Сулаймановалар ачып беришти жана кызуу куттукташты. Мелдеш достук жана атааңдаштык маанайда өтүп, уюштуруучуларга терең ыраазычылык айтылды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, мындай иш-чаралар келечекте да улантылаары белгиленди.
Эне тил – жүрөктүн тили Дүйнөдө канча тил болсо, ошончо эл, ошончо салт жалпылап айтканда маданият бар. Өсүп келе жаткан муунга элдерди таанытуу, тилдерди даңазалоо максатында 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата 2026-жылдын 20-февралында ОшМУнун медициналык колледжинде «Эне тил – жүрөктүн тили” аталышындагы адабий-музыкалык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Музыкалык кеченин жүрүшүндө колледждин таланттуу студенттери тарабынан сыбызгыган комуз коштолгон күүлөр, ар улуттун тилин даңазалаган ыр саптары көркөм окулуп, созолонтуп ар тилде ырлар ырдалып, ар улутту өзгөчөлөп турган элдик бийи жогорку деңгээлде көрсөтүлдү. Иш-чараны уюштуруучулар:Атажанова Нурсулуу, Исакова Таалайкан, Муратбаева Кызбурак, Маликова Анипа, Акбар кызы Каныкей,Иметова Жаркынай.Адабий музыкалык кечеге медициналык колледжинин директору доцент З.С.Арынов,фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын башчысы О.К.Коланов,фармацевтикалык жана клиникалык бөлүмүнүн башчылары Р.А.Ташиев, М.О.Сатиев, табият таануу жана так илимдер ПЦКсынын башчысы А.Шоруков катышышты.
2026-жылдын 20-февраль күнү Ош ИИМнин ККнын Кинология борборунун башчысы, милициянын капитаны Эргешов Камалидин Жамалдинович Ош МУнун медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Исманалиева Жылдыз Абдимиталиповна жана куратор Омошев Азамат менен биргеликте студенттерге жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана күрөшүү, ошондой эле кылмыштуулук, алдамчылык, баңги заттарга каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү.
29-декабрда Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында уюштурулган XXXIII спартакиаданын жыйынтоо жана сыйлоо аземи болду. Жалпы упай менен медициналык колледждин жамааты V орунга ээ болуп, жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата 11 декабрь күнү медициналык колледжинин кыргыз, орус, англис тили окутуучулары тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов,акын Алыкул Осмоновго арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Иш-чара үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилдеринде уюштурулду.Кечеге директордун окуу иштери жана тарбиялык иштери боюнча орун басарлары Д. Торобаева жана Ж. Исманалиева катышышты. Кеченин жүрүшүндө көркөм окуулар үч тилде окулуп, ыр-бийлер, ошондой эле сахналык көрүнүштөр тартууланып, катышуучуларга терең таасир калтырды.
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин ортосунда болуп жаткан XXXIII СПАРТАКИАДАДА СТАРТ алды. Спорттун кичи футбол 40 жашка чейинки агайлар командасы I ОРУНДУ, ТОГУЗ-КОРГООЛ түрү боюнча ЭЖЕКЕЛЕР ортосундагы мелдеште I ОРУНДУ, БАСКЕТБОЛ түрү боюнча 40 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ АГАЙЛАР ортосундагы мелдеште II ОРУНДУ, Волейбол 40 жашка чейинки эжекелер командасы 1- лигада I ОРУНДУ, Волейбол 40 жаштан жогору эжекелер командасы I ОРУНДУ ОшМУнун медициналык колледждин профессордук-окутуучулук курамынан куралган спортчулар камсыздай алышты. Жеңиш кут болсун урматтуу спортчулар! Алга! Алдыда дагы спорттун башка түрлөрү боюнча боло турган мелдеште жеңишти багындырууга тилектешпиз!
2025-жылдын 19-ноябрында Ош шаарындагы улуттук драма театрында Ош МУнун медициналык колледжинин 1-курсунун студенттерин кабыл алуу аземи өткөрүлдү. Салтанаттуу аземди медициналык колледжинин директору, м.и.к., доцент Арынов Замирбек Сапарбаевич ачып берди. Студенттерди Ош МУнун Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору, ф.и.к., доцент Н.А.Мапаева, Ош МУнун Академиялык иштер башкармалыгынын орто кесипттик билим берүү секторунун жетектөөчү адиси Ж.А.Кыдыршаева, Ош МУнун Коопсуздук кызматынын инспектору К.Акимжанов жана медициналык колледжинин ПЦК башчылары кызуу куттукташты. Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Иш-чараны уюштурууга активдүү катышкан студенттер Ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты.
20021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана 2025-жылга карата Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн биргелешкен иш-чаралар планынын негизинде 2025-жылдын 13-ноябрында Ош МУнун медициналык колледжинде КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин өкүлү А.К.Оморов, Ош МУнун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн башчысы Н.М.Арзиев жана Акимжан у. Кыялбек, КРнын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Г.Ж.Жакыпова жана Ош шаарынын ИИБнын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкери, милициянын капитаны Эсенхан у. Эмилдердин катышуусунда 1-2-курстун студенттерине диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу, радикализм, экстремизм жана терроризм түшүнүктөрү жөнүндө маалыматтык, түшүндүрүү профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Г.Ж.Жакыпова жаштар арасында баңги заттарды колдонуунун алдын алуу боюнча маалымат берип өттү. Ал эми КР ИИМ БМЖККК КБнун кенже тескөөчү кинологу, милициянын прапорщиги Айдарали у. Нурмухамед “Керез” аттуу атайын кызматтык ит менен кылмыштуулукту ачуу, баңги заттарды табуу боюнча жандуу көрүнүштү чагылдырып берди. Суроо-жоопко активдүү катышкан студенттерге КР ИИМ БМЖККК тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
2025-жылдын 8-ноябрь күнү медициналык колледжинде 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата факультеттер, колледждер арасында "ДОСТУК" дебат турнири өткөрүлдү. Таймашка КМОП, ФЮК, Биофак, STEM, медициналык колледжинен 8 команда катышып, I орунду – КМОП, II орунду – медициналык колледжи, III орунду – биофактын студенттери ээлешти. Жеңүүчүлөр I, II, III даражадагы дипломдор, грамоталар менен сыйланды.
2025-жылдын 6-ноябрында Болгария Республикасынын София шаарында 15-каратэ Шотокан (WSF) дүйнөлүк чемпионатында Ветерандар 55 жаштан жогоркулар арасында 1- орунду ээлеп чемпион болуп алтын медалга ээ болгон медициналык колледждин фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Нурдөөлөт Рысбеоквичти тосуп алуу салтанаты болду. Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиреткен жеңүүчү Нурдөөлөт Рысбековичти жалпы жамааттын атынан кызуу куттуктайбыз!
2025-жылдын 28-октябрында, Ош МУнун Медициналык колледжинде Аялдар кеңеши жана "Акушердик жана педиатриялык" дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары тарабынан «Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялык оорулардын жана күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын алуу» темасында тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты: Жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу, туура жүрүм-турумду калыптандыруу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу. Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар Токтошева Гулнур Кубанычбековна жана Акматова Замира эжекелер слайд жана видеороликтер аркылуу кеңири маалымат берип, студенттер менен пайдалуу маек өткөрүштү. Мындай иш-чаралар жаштардын ден соолук маданиятын жогорулатууга жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууга чоң салым кошот. Эстеп жүрүңүз: ✓Коопсуз мамиле- сиздин тандооңуз. ✓ Өз убагында текшерилүү - жоопкерчилик. ✓Ден соолук- баарынан кымбат.
2025-жылдын 14-октябрында медициналык колледжинде Ош МУнун студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын арасында укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы мыйзамдарды жаштарга жеткирүү максатында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнын башчысынын орун басары, милициянын капитаны Абдиев Шумкар Кутманович, Ош МУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Арзиев Нурлаким Маматкулович, Ош МУнун коопсуздук кызматынын инспектору Акимжан уулу Кыялбек, Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнын ЖИИнын АТсу, милициянын улук лейтенанты Алмазбек к. Бермет жана Ош МУнун психология кафедрасынын окутуучусу Жакыпова Наар Суйунбековалар катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө: 1. Үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу кылмыштар жана КЫЛМЫШ ЖАЗА КОДЕКСИНИН "өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу", "зордуктоо", "үй-бүлөдөгү зомбулук", "бейбаштык", "опузалоо", "адам өлтүрүү", "кылмыштуу чөйрөнү түзүү жана ага катышуу", "улуттар аралык кастыкты козутуу"ж.б. кылмыш чөйрөсүндөгү кырдаалдар жөнүндө маалымат; 2. Университеттин ички жүрүм-турум эрежелеринин талаптарын түшүндүрүү, эрежелерди сактоо жана укук бузуулардын, бейбаштыктын алдын алуу; 3. Коомдук тартипти бузгандарды окуу жайынан чыгарууга чейинки тарбиялык жана тартиптик мүнөздөгү көрүлгөн чаралар; 4. Кылмыштардын түрлөрүн аныктоочу, жасалган кылмыштар үчүн жазанын даражаларын жана түрлөрүн белгилөөчү жазык мыйзамдарынын нормалары; 5. Кенже курстун студенттеринен акча талап кылуу, о.э. формалдуу эмес топторду уюштуруу жана ага кошулгандыгы үчүн жазанын сөзсүз болушу; 6. Ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмү тарабынан укук бузууларды жасаган адамдарды эсепке алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.
5-Октябрь – Мугалимдер күнү менен медициналык колледжинин "Табият таануу жана так илимдер" ПЦКсынын жаамааты колледждин жалпы профессордук- окутуучулук курамды куттукташты. Урматтуу медициналык колледжибиздин окутуучулары! Сиздерди чын жүрөктөн кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар жана чын ыкластуу мээнетиңиздер – ар бир студенттин билимдүү, боорукер жана кесипкөйлүгүнө жол ачып келет. Медицина тармагында окутуу – жөн гана сабак берүү эмес, бул жаш адистерди адам өмүрүн сактап калууга даярдоо. Бул улуу миссияны аркалап келе жатканыңыздар үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин эмгегиңиздер – коомдун саламаттыгына кошкон эң чоң салым! Бардык окутуучуларыбызды майрам менен куттуктайбыз! Ден соолугуңуздар бекем, сабыр-төзүмүңүздөр түгөнбөсүн, чыгармачылык жана кесиптик ийгиликтер дайыма жолдошуңуздар болсун!
1-Октябрь - Эл аралык Карыялар күнүнө карата бүгүн биздинмедициналык колледжинде куттуктоо иш-чарасы болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө медициналык колледждин директору З.С.Арынов куттуктоо сөз сүйлөдү. Урматтуу устаттарыбызды, эмгек сиңирген ардактуу агай-эжелерибизди Карыялар күнү менен куттуктап аларга сый-урмат көрсөтүлдү. Мугалимдик жолдо талыкпай эмгектенген ардагерлерибиз колледждин тарыхында жана жаш адистерди тарбиялоодо чоң из калтырышты. Бүгүнкү салтанатта аларга ыраазычылык билдирилип, белектер тапшырылды. Биздин улуу муун ар дайым жаштарга өрнөк болуп, тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Колледж жамааты ардагерлерибизге чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайбыз!
2025-жылдын 26-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде 1-курстардын студенттери үчүн “Адаптациялык жумалык” өткөрүлдү. Иш-чараны медициналык колледжинин директору, м.и.к., доцент З.С.Арынов ачып берди. Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана алдын алуу, коомчулук менен өз ара аракетенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жузубалыевна жана Ош шаардык наркология бөлүмүнүн директору, врач -нарколог Атабаев Бакыт Таштемирович синтетикалык баңгизаттардын жайылышы, анын зыяндуулугу жана аны мыйзамсыз таркатуу жөнүндө студенттерге кеңири маалымат берип, видеороликтерди көрсөтүштү. Ал эми медициналык колледжинин Аялдар кеңешинин төрайымы Чотурова Уулкыз Абдысатаровна студенттердин кийинүүсү, өзүн алып жүрүүсү, кесипке багыт алуусу боюнча маалымат берди.Соңунда студенттер менен пикир алмашуу болду. Иш-чараны медициналык колледжинин Аялдар кеңешинин жалпы жамааты тарбия иштери боюнча директордун орун басары Исманалиева Жылдыз Абдимиталиповна менен биргеликте өткөрүштү.
2025-жылдын 23-сентябрь күнү №6 жатаканада Мамлекеттик тил күнүнө карата медициналык колледжинин студенттери Ош МУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун ага окутуучусу С.И.Бегматов менен биргеликте иш-чара өткөрүштү. Иш-чарага медициналык колледжинин "Жалпы медициналык дисциплиналар" ПЦКнын окутуучулары М.Эргешова, Н.Максытовалар катышышты. Активдүү катышкан студенттерди медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.Исманалиева дипломдор менен сыйлады.
2025 жылдын 23 сентябрь күнү Мамлекеттик тилдин 36 жылдык мааракесине карата медициналык колледжинин студенттери жана окутуучулары Н.Атажанова ,Т.Исакова,К.Муратбаева,Д.Жалалова адабий-музыкалык кечени жогорку денгээлде уюштурушту.Майрамда кыргыз тилин даназалаган көркөм окуу,обондуу ырлар,комуз күүсү жанырып ,бийчи кыздар сахнанын көркүн ачып келген коноктордун купулуна толушту.Жыйынтыгында медициналык колледжинин директору доцент З.С.Арынов,директордун окуу жана тарбиялык иштери боюнча орун басарлары Д.Торобаева,Ж.Исманалиева активдүү катышкан студенттерди жана кыргыз тилине арналган мыкты дубал гезиттерди белгилеп Ардак грамоталар менен сыйлашты.
2025-жылдын 1-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде Билим майрамы белгиленди. Бул иш-чаранын жүрүшүндө медициналык колледжинин директору, м.и.к. доцент З.С.Арынов, директордун окуу иштери боюнча орун басары Торобаева Данакан Калгожоевна, "Фармация" ПЦКсынын башчысы, б.и.к. доцент Каланов Орунбек Калановичтер жалпы студенттерди, ата-энелерди жана жалпы профессордук- окутуучулук курамды Билим күнү менен куттукташты. Ошондой эле 1-курска кабыл алынган студенттерди өзгөчө куттуктап, мыкты кесиптин ээлери болуусуна тилектештигин билдиришти.
1. ОШ МУнун МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ 2. 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН ТАРБИЯ, СПОРТ, СТУДЕНТТИК УЮМДАР, СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНАЛАР ЖАНА КООМЧУЛУК МЕНЕН ИШТӨӨ БОЮНЧА КОМПЛЕКСТҮҮ ИШ ПЛАНЫ 3. ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КУРАТОРДУК ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ 2023-ЖЫЛДЫН 23-ОКТЯБРЫНДАГЫ №5308-ФХД/23 БУЙРУГУ 4. КУРАТОРДУК СААТТАРДЫ ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУ 5. ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КЕЛИШИМДИК НЕГИЗДЕ ОКУГАН СТУДЕНТТЕРИНЕ ЖЕҢИЛДИК БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ 2023-ЖЫЛДЫН 15-ДЕКАБРЫНДАГЫ №7106-ФХД/23 БУЙРУГУ 6. МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕГИ ОКУТУУЧУЛАРДЫН №6 ЖАТАКАНАДА КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ ГРАФИГИ
Ф.А.А.: Жакыпова Гулмира Мамадалиевна
Бүтүргөн окуу жайы: ОшМУ
Ээлеген кызматы: Директордун тарбия иштери боюнча орун басары


Иш план
Кызматтык нускама тарбия иштери боюнча зам декандар
 Куратордук портфолио 2022-23 окуу жылы үчүн бекитилгени    
 Куратордук сааттардын тематикалык планы 2022-2023   
  Студенттин жүрүм-турум   
 Студенттик тайпанын куратору жөнүндө жобо 
Студенттик кеңештин структурасы  
 Жарыя! Контрактык  
Келишимдик негизде окуган студенттерге жеңилдик берүү жөнүндө 2022-2023 окуу жылына карата Студенттер үчүн эстеткич китепче 2021  
Окутуучулар ортосунда спорттук спартакиаданын жобосу 
Жобо.Кош Жылдыз.   
 Окумуштуулар кенешинин стипендиясы  
 Мыкты Жаштар Кенеши конкурсуна Жобо
 Мыкты куратор 
Мыкты орун басар
Нооруз майрамына карата тескеме   
Студенттер менен жолугушуу 
 Ишембилик боюнча тескеме  
 ЖОБО мыкты куратор 2023 
 ЖОБО мыкты орун басар 2023  
ЖОБО студенттик тайпа 2023   
 Окумуштуулар.стипендия    
  
           Жалпы медициналык ПЦКсыны окутуучу нАРГИЗА ЭЖЕКЕНИН КУРАТОРДУК ГРУППАСЫ КУРАТОРДУК СААТТЫН АЛКАГЫН ӨЗ ДЕМИЛГЕЛЕРИ МЕНЕН БАЛДАР УЙУНОНОКАБАР АЛЫШТЫ.