Жаңылыктар

КУТТУКТТОО!

Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин табият таануу жана так илимдер ПЦКсынын окутуучусу Маметова Кызбурак Кожоевнаны 2025-жылдын 10-январында, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети жана тең уюштуруучулар Ош мамлекеттик университети, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине караштуу Д 06.23.663 диссертациялык кеңешинде “Шаар чөйрөсүндө стресстик факторлордун таасирлеринен коргоодо парктык бак-дарактардын экологиялык ролу” деген темадагы 03.02.08-Экология багыты боюнча кандидаттык илимий ишин коргоп алышы менен куттуктайбыз! Урматтуу Кызбурак Кожоевна, сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана илимий ишиңизге ийгиликтерди, чыгармачылык жетишкендиктерди каалайбыз!

Ректорат

Медициналык колледжи

Табият таануу жана так илимдер ПЦКсы

АЧЫК САБАК

2024-жылдын 18-декабрь күнү 3-парада табият таануу жана так илимдер ПЦКнын окутуучусу Мурзакулова Назгүл Абдрахмановна "Альдегиддер" деген темада ачык сабак өттү. Слайддык материалдар, химиялык эксперименттерди жасап көрсөтүү менен заманбап сабак өтүлдү.

АЧЫК САБАК

2024-жылдын 18-декабрь күнү 2-парада табият таануу жана так илимдер ПЦКнын окутуучусу Сарымсакова Айчүрөк Турганбаевна "Углеводдор" деген темада ачык сабак өттү. Слайддык материалдар, химиялык эксперименттерди жасап көрсөтүү менен заманбап сабак өтүлдү.

ОТКРЫТЫЙ УРОК

Преподаватель ПЦК "Естествознания и точных наук" медицинского колледжа ОшГУ, Бегматова Жамила Шарабидиновна 11.12.2024 года провела у студентов 1 курса специальности "Фармация" занятие по неорганической химии по приёму СРСП в форме КВН. Студенты подготовились и справились с заданием на "отлично".

МАСТЕР КЛАСС

2024-жыл, 3-декабрь күнү табият таануу жана так илимдер ПЦКнын окутуучусу Маметова Кызбурак Кожоевна кандидаттык ишини алдын ала ийгиликтүү коргоду, Сизге ПЦКнын жалпы жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз, ишиңизде жана жеке жашооңузда түгөнбөс ийгиликтер болсун. PS. Кудайым кааласа ПЦК защитада өтөбүз!

МАСТЕР КЛАСС

2024-жыл, 3-декабрь күнү табият таануу жана так илимдер ПЦКсынын башчысы химия илимдеринин кандитаты Сатиев Мирланбек Орозалиевич “Эфирлерди алуу” деген темада мастер класс өттү.

МАСТЕР КЛАСС

Табият таануу жана так илимдер ПЦКсынын окутуучулары Абдырахманова Жазгул Суюнбаевна “Окутуучунун катышуусундагы студенттин өз алдынча ишин уюштуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр” деген темада жана окутуучу Бердигулова Мээрим Аматбековна “Искусственный интеллект” деген темада мастер класс өтүштү.

АЧЫК САБАК

2024-жылдын 22-ноябрь күнү табият таануу жана так илимдер ПЦКнын окутуучусу Сарыева Ырысбу Токтомаматовна “Органикалык химия" предмети боюнча фр-4,5,6 агымдарына "Белоктор" деген тема боюнча ачык сабак өттү. Сабак учур талап кылган санариптик технологиянын каражаттарын колдонуу менен көргөзмөлуү өтүлдү. Лекцияда интерактивдүү тесттерди иштөөдө Kahoot платформасын, тексттик материалдарды берүүдө Chat GPT платформаларын, слайддык материалдарды жана химиялык эксперименттерди жасап көрсөтүү менен заманбап сабак өтүп берди.

СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

2024-жылдын 15-октябрь күнү табият таануу жана так илимдер ПЦКнын окутуучусу Б.Сайпидинова ............. деген темада семинар өттү, суроо-жооптор болуп өз маселелер талкууланды.

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ҮЧҮН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

2024-жылдын 18-сентябрь күнү Ош технологиялык университетине Россия Федерациясынан Казань айыл чарба университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, Татарстан Республикасынын илимдер академиясынын мүчө-корр. А.Р.Валиев, агробиотехнология жана жер иштетүү институтунун директору, а.ч.и.д., профессор И.М.Сержантов, токойчулук жана экология факультетинин профессору Х.Г.Мусин жана аталган факультеттин ассистенти И.И.Хуснутдинов келишти. Казань айыл чарба университети менен эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүктөрдү ишке ашыруу максатында профессордук – окутуучулар курам, аспиранттар, магистраннтар арасында тажрыйба алмашуу үчүн конференция, семинар-тренингдер уюштурулду. Андан соң Россиялык делегация менен биргеликте Өзгөн технологиялык билим берүү институтуна, Кулун-Ата жаратылыштык паркынын музейине, Жийде айылдык токой чарба питомнигине барып кайтты.

2024-жылдын 28-июнь күнү Чолпон-Ата шаарынын «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын спорттук базасында “Ден соолук” спартакиадасынын алкагында тогуз коргоол оюну боюнча табият таануу жана так илимдер ПЦКнын окутуучулары Сатанов Арапбай жана Сатиев Мирланбек 1-орунду багындырышты.

ТАЗА ЭКОЛОГИЯ, ТАЗА ЧӨЙРӨ

2024-жыл, 17-апрель күнү Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Президенттин жарлыгына ылайык экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, тазалыкты сактоо максатында ар бир мекеме уюм тарабынан өткөрүлө турган иш-чараны "ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР" ПЦКнын окутуучулары "ТАЗА ЭКОЛОГИЯ, ТАЗА ЧӨЙРӨ" аталышындагы иш-чара өткөрдү. Мыкты видео ролик, мыкты дубал гезит конкурстары уюштурулду. Концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага салым кошкон окутуучуларга, студенттерге ыраазычылык билдиребиз.

АЧЫК САБАК

2024-жыл, 8-апрель күнү «ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын башчысы х.и.к. М.О.Сатиев фармация адистигинин ФР11-9-23 тайпасына «АНАЛИЗДӨӨНҮН КӨЛӨМДҮК МЕТОДУ. ТИТРИМЕТРИЯ» деген темада ачык сабак өттү.

АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

2024-жыл, 30-март күнү медициналык колледждин кезектеги педагогикалык кеңешинде "ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР"ПЦКсынын төрагасы х.и.к. М.О.Сатиев 2023-2024-окуу жылынын 1-жарым жылдыкта аткарылган окуу жүктөмдөрү боюнча отчёт берди.

85-ЖЫЛДЫККА, 85 КӨЧӨТ

Быйыл ОшМУга 85-жыл, 2024-жылы 28-март күнү медициналык колледждин профессордук-окутуучулук курамы менен биргеликте «ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин 85-жылдык мааракесине карата «85-жылдыкка, 85 көчөт акциясы» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» ПЖ №77 жарлыгынын алкагында экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, тазалыкты сактоо, жаратылышты коргоо көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында «Тазалыкты сактайлы» иш-чараларды комплексин өткөрүү жөнүндөгү буйругунун негизинде, ошондой эле шаарыбызды көрктөндүрүү максатында 85 даана ак чечек (клён) интрдукцияланган декоративдик дарак өсүмдүгүнүн көчөттөрүн отургузуу иштерин жүргүзүштү.

БИЗ ТАЗА ШААР ҮЧҮН

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-февралындагы "Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкты жарыялоо жөнүндө" 143 токтомун аткаруу максатында 16-март күнү медициналык колледждин ТТжТИ ПЦКсында ишембилик болуп өттү.

БИЛИМ КӨПТҮК КЫЛБАЙТ, ӨНӨР АЗДЫК КЫЛБАЙТ.

2024-жыл, 26-февралдан 6-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы илимий-методикалык борбордо «Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары» аталышындагы 10 күндүк семинарда ТТжТИ ПЦКсынын окутуучулары Маметова Кызбурак, Сайпидинова Бүсанам эжекелер окуп келди. Семинардын жүрүшүндө М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономика университетинин Экономика жана Сервис колледжине тажрыйба алмашуу максатында барды. Андан сырткары «Авиценна Билим» эл аралык университетинин Авиценна медициналык колледжинде конок лекция окуду. Жыйынтыгында квалификацияны жогорулаткандыгы үчүн (72 саат) сертификат алып кайтышты. Сапаттуу билим бул эртеңки күнгө болгон ишеним.

КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Кайрымдуулук жасоо ар бир адамдын ички дүйнөсүнөн келип чыккан берешендикти талап кылат. ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору б.и.к., доцент К.Ш.Аттокуров жыл сайын салтка айланган кайрымдуулук иши менен алектенип келет. Бүгүн дагы 2024-жылы 22-февралда медициналык колледжде окуган ата-энеси жок, турмуш шарты оор 30 студентке кайрымдуулук иретинде жардам берип кетти. Агайдын бул иш-аракети башка адамдарга үлгү боло турган. Кайрымдуулук иштери менен алектенген үлгүлүү инсандар көп болсун.