Воспитательная работа

КУДАЙДЫН КУЛАГЫ СҮЙҮНСҮН

226-жылдын 27-февралында ОшМУнун медициналык колледжинин орус тили окутуучусу Акматова Дилбар Сарыбаевна жана ОшМУнун ИПКнин орус тили окутуучусу Досматова Джамиля Нишановна Ата мекенди коргоо күнүнө карата ардагерлер менен жолугушуу өткөрүштү. Иш чарага чек ара кызматынын, Афганистан согушунун ардагерлери келип өздөрүнүн басып өткөн жолу тууралуу маалымат беришти. Иш чарага ЛД11-5-25 жана СД11-7-25 агымдарынын студенттери Ата-Мекен жөнүндө ырларды ырдап, айтып беришти.

«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКдагы КООМДУК ЖАНА ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИН ПЛАНЫ

2023-2024-окуу жылы үчүн түзүлгөн тарбиялык иштердин планы:

ПЦКдагы КООМДУК ЖАНА ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР

ПЦКнын тарбиялык иштери боюнча түзүлгөн планы жана кураторлордун иш планы кафедранын кенешмесинде талкууланып бекитилген. ПЦКнын курамында 18 куратор өзүнө бөлүнгөн тайпалар менен активдүү иш алып барышат. Иш планда белгиленген иш-чаралар боюнча жолугушууларды уюштуруп турушат (ветерандар, врач- гинекологдор, ууз чебер энелер ж.б.).

Ошондой эле студенттер менен биргеликте ишембиликтерге катышат. Мындан сырткары колледж, университеттин денгээлинде уюштурулган коомдук, маданий, спорттук иш-чараларга үзгүлтүксүз катышат.