ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

2026-11-25 03:58:45 6

2026-жылдын 15-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжи эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү багытында иш алып барууда. Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында, колледждин клиникалык бөлүмдүн окутуучусу Раймжанова Г.М. Алматы шаарындагы «Эмили» жогорку медициналык колледжинде тажрыйба алмашып, «Анафилактикалык шокто биринчи жардам көрсөтүү» темасында OSCE (объективдүү структуралаштырылган клиникалык экзамен) форматы боюнча ачык сабак өткөрдү. Ошондой эле колледждин директору Ж. Кыдыршаева тарабынан сунушталган кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору «Эмили» колледжинин жетекчилигине карап чыгуу жана келечекте кол коюу үчүн тапшырылды. Мындан тышкары, «Гаудеамус» эл аралык билим берүү холдинги тарабынан уюштурулган Оренбург мамлекеттик медициналык университетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземине катышуу болду. Эл аралык кызматташтык — тажрыйба алмашуунун, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жана атаандаштыкка жөндөмдүү медициналык адистерди даярдоонун маанилүү багыты!