2026-11-25 03:54:31 7
2026-жылдын 20-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде Фармация адистигинин 3-курсунун студенттери үчүн окуу-өндүрүштүк практикага чыгуу алдындагы инструктаж өткөрүлдү. Инструктаждын жүрүшүндө студенттерге практиканы өтөө тартиби, дарыкана мекемелеринин ишин уюштуруу, дары каражаттарын кабыл алуу, сактоо жана берүү эрежелери, санитардык-гигиеналык талаптар, кесиптик этика жана коопсуздук эрежелери боюнча маалымат берилди. Ошондой эле студенттердин кесиптик жоопкерчилиги, бейтаптар менен баарлашуу маданияты жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду. Катышуучулардын суроолоруна жооптор берилип, тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Уюштуруучулар жана катышуучулар: - Практика жетекчиси — Н.К. Кубатова; - Фармация адистигинин бөлүм башчысы — А.Ш. Оморова; - Фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу — Нурдоолот Рысбеков. Максаты — теориялык билимдерди практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, квалификациялуу фармацевттерди даярдоо.