2026-11-23 04:32:55 9
Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде Аялдар кеңешинин демилгеси менен студенттер үчүн «Медицинадагы аялдар ишкердиги: санариптик технологиялар жана инновациялык мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө медицина тармагынын өнүгүү тарыхынан тартып, бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери жана 2050-жылга чейинки келечектүү багыттары тууралуу маалыматтар презентация аркылуу кеңири чагылдырылды. Өзгөчө жасалма интеллект, санариптик медицина, акылдуу медициналык технологиялар, заманбап жабдуулар жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү маселелерине көңүл бурулду.Ошондой эле «Smart MedBusiness — Акылдуу технологиялар, ийгиликтүү бизнес» темасынын алкагында медицина менен ишкердикти айкалыштыруу, жаңы идеяларды жаратуу жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.Иш-чаранын максаты — студенттердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө заманбап технологияларды натыйжалуу колдонууга багыт берүү.