2026-11-21 03:43:36 4
2026-жылдын 23-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде биринчи курстун студенттери үчүн укуктук жана профилактикалык жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги максаты — жаштарды баңгизаттарды колдонууга жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тартылуудан сактоо, интернет аркылуу кылмыштуу иштерге азгырууга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, «жеңил акча» убадасына алданып, кылмыш жолуна түшүп калуунун кесепеттерин түшүндүрүү, ошондой эле зордук-зомбулуктун алдын алуу жана студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу. Иш-чарага атайын чакырылган жооптуу өкүлдөр катышып, студенттер менен ачык баарлашып, турмушта кездешүүчү кооптуу жагдайлар, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана өз коопсуздугун сактоо боюнча кеңири маалымат беришти. Студенттердин келечегин ойлоп аларга тийиштүү укук жана профилактикалык типтеги маалымат берип, суроолоруна жооп берген жооптуу өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз.