2026-06-03 12:08:22 7
"Ак жол сага бүтүрүүчү" аттуу бүтүрүү кечеси болуп өттү. Бүтүрүү кечесине Фармация адистиигин аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр жана алдардын ата-энелери, иш берүүчүлөр келип катышты.Иш чараны медициналык колледждин директору, доцент З.С. Арынов ачып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш чаранын алкагында окууда жана илимий-практикалык конкурстарда, коомдук иштерде ийгилик жараткан студенттерге медициналык колледждин АРДАК ГРАМОТАСЫ жана атана-энелерге ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ тапшырылды. Бүтүрүү кечеси концерттик программа менен коштолду. Иш чаранын аягында ата-энелерден сөзгө чыгып колледждин жалпы жамаатына ыраазычылык сүздүрөн билдирип, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалашты. Иш чараны медициналык колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Ж.А. Исманалиева жана фармация дицсиплинасы ПЦКсынын окутуучусу Жакыпова Гулмира, кураторлор менен биргеликте уюштурулду.