2026-05-25 14:05:08 33
Токмок медициналык колледжинде өткөн Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясынын V- волейбол боюнча мелдешинде ОшМУнун медициналык колледжинин микс командасы жогорку лигада 1- орунга ээ болушту. Токмок медициналык колледжинде өткөн Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясынын V- волейбол боюнча мелдешинде ОшМУнун медициналык колледжинин командасы Жогорку лигада мыкты оюн көрсөтүп, 16 колледждин ичинен I орунду ээледи. Командага диплом, кубок жана 30 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан тышкары, оюнчуларыбыз жеке номинациялар боюнча дагы мыкты жыйынтык көрсөтүштү: «Мыкты капитан команда» — Тажибаева Айсалкын Халмирзаевна сыйланды. Ошондой эле Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан колледжибиздин окутуучулары кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты. «Орто кесиптик медициналык билим берүү боюнча эксперт» наамы: — Мамасаит кызы Джанарага ыйгарылды. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан "АРДАК ГРАМОТА" менен - Жакыпова Гулмира Мамадалиенва Казакстан республикасынын Кызылордо шаарында Кызылордо жогорку медициналык колледжи уюштурган “Жаш адистер саламаттыкты сактоо системасында: медициналык колледждердин Эл аралык диалогу” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында студенттик олимпиадага медициналык колледждин Фармация адистигинин 2-курсунун ФР-8-24 агымынын студенти Сайфидинова Эльмара Элнуровны даярдап, катышып алдынкы орунга ээ болдугу үчүн сыйланды. Бул жетишкендиктер — колледжибиздин ынтымагын, талыкпаган эмгегин жана сапаттуу билим берүүгө болгон умтулуусун айгинелейт. ОшМУ медициналык колледжинин жалпы жамаатын жана студенттерин чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жаңы ийгиликтер жарала берсин.