ОшМУнун коопсуздук кызматы тарабынан студенттерге кибералдамчылыктын алдын алуу максатында жыйын өткөрүлдү.

2026-05-25 13:25:43 17

2026-жылдын 9-апрель күнү ОшМУнун медициналык колледжинде студенттер арасында кибералдамчылыктын алдын алуу максатында ОшМУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Арзиев Н. М., инспектору Акимжан уулу К. жана кибер кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги милициянын подполковниги Расулов Ширин Рафикович түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш чарага тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана адистер катышып, студенттерге интернет мейкиндигинде коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу кибер кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Мирланбек уулу Азизбек, Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын ЖИИнин АТсу милициянын майору Алымкулова Нуржамал Камалдиновна, милициянын улук лейтенанты Алмазбек кызы Бермет, милициянын улук лейтенанты Шакирова Нурия Эржигитовна, милициянын капитаны Джаныбаев Руслан Торогелдиевич, МАЫӨнүн ллейтенанты Абдисаматов Сулайман Абдисаматович маалымат беришти. Жолугушууда кибералдамчылыктын түрлөрү, социалдык тармактар аркылуу жасалган алдамчылык аракеттер жана алардын алдын алуу жолдору тууралуу кибер кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыкчам өкүлү милициянын капитаны Айтназаров Шерзат кеңири түшүндүрмө берди. Ошондой эле студенттерге жеке маалыматтарды коргоо, шектүү шилтемелерге кирбөө жана белгисиз адамдарга жеке маалыматтарды бербөө боюнча кибер кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Аликулов Азамат сунуштарды айтты. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден пайдалуу жоопторду алышты. Мындай жолугушуулар жаштарды алдамчылыктан сактоого жана алардын маалыматтык коопсуздугун жогорулатууга чоң жардам берет.