Ата-Энелер менен жолугушуу өткөрүлдү

2026-05-25 13:19:33 13

03.04.2026-жыл 2СД1-2-24 тайпасында ата-энелер чогулушу өткөрүлдү. Чогулушта окуу жайдын директору Арынов Замирбек Сапарбаевич сөз сүйлөп, билим берүү процессинде кездешкен маанилүү жана көйгөйлүү маселелер боюнча маалымат берип, ата-энелер менен биргеликте талкуу жүргүздү. Ошондой эле студенттерге жана ата-энелерге каалоо-тилектерин айтып, окуу-тарбия процессине кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Жыйындын жүрүшүндө студенттердин окуудагы жетишкендиктери, тарбия маселелери, окуу төлөмдөрү жөнүндө окуу жайдын тарбия иштери боюнча директордун орун басары Исманалиева Жылдыз Абдимиталиповна да толук маалымат берди. Ошондой эле окууда жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн студенттер өзгөчө белгиленди. Чогулушка катышкан ата-энелер өз сунуштарын билдиришип, окуу жай менен кызматташууну мындан ары да чыңдоо зарылдыгын белгилешти. Жыйын иштиктүү жана уюшкандыкта өткөрүлдү. Куратор: Чотурова Уулкыз Абдысатаровна