2026-05-25 12:49:41 54
ОшМУнун 2025-2026-окуу жылынын мыктыларын аныктоо боюнча медициналык колледжде январь, февраль айларында конкурстун 2-туру өткөрүлүп окутуучулар өз чыгармачылыктарын демонстрациялашты. Түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен: •“ОшМУнун заманбап окутуучусу” -Жакыпова Гулмира Мамадалиевна фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу, • “ОшМУнун заманбап лектору” -Айдарова Алина акушердик жана педиятриялык дисциплиналар ПЦксынын окутуучусу, • “ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери”- Маликова Айгул фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу, •“Педагогикалык дебют” Турдубаева Мээрим акушердик жана педиятриялык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу, •“Заманбап электрондук окуу-усулдук комплекси”- Акылбекова Аксана фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу, •“ОшМУнун заманбап окуу басылмасы” – Боронбаева Гулнара акушердик жана педиятриялык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу аныкталып кийинки турга жолдомо алышты. Катышуучуларга ийгиликтерди каалайбыз.