“Жаз деми – НООРУЗ майрамы” аттуу концерттик кече өткөрүлдү.

2026-05-25 12:39:27 37

23-март 2026-жылы Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин Табият таануу жана так илимдер ПЦКсы тарабынан уюштурулган “Жаз деми – НООРУЗ майрамы” аттуу кече жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды. Бул иш-чара улуттук каада-салттарды даңазалап, Нооруз майрамынын терең маанисин ачып берген мазмундуу жана таасирдүү кече болду. Кеченин жүрүшүндө студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүп, улуттук ыр-бийлерди аткарып, сахналык көрүнүштөр аркылуу элибиздин бай маданиятын чагылдырышты. Ар бир номер өзгөчө даярдык менен аткарылып, катышуучулардын чыгармачылыгы жана ынтымагы айкын байкалды. Айрыкча, уюштуруучулардын тыкан эмгеги, жоопкерчилиги жана чыгармачылык мамилеси кечени өзгөчө көрккө бөлөдү. Мындай иш-чаралар жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, улуттук баалуулуктарга болгон сүйүүсүн арттырып, биримдикти бекемдейт. “Жаз деми – НООРУЗ майрамы” кечеси ар бир катышуучунун жүрөгүндө жылуулук калтырып, жаздын жаңылануусундай жаңы дем, жаңы үмүт тартуулады.