2026-05-25 12:34:23 31
2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана 2026-жылга карата Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн биргелешкен иш-чаралар планынын негизинде 2026-жылдын 18-мартында Ош МУнун медициналык колледжинде КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси А.Каримов, Ош МУнун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн башчысы Н.М.Арзиев жана Акимжан уулу Кыялбек, Ош шаарынын ШИИБдин Ак-Буура МБнын ЭММКАКнын улук ыкчам өкүлү милициянын полковниги Насиров Зафа Анваржанович , ЖЖИ башчысы милициянын майору Алтынай Капарова, УУМдин кызматкери милициянын И.Сулаймановдордун катышуусунда 1-курстун студенттерге диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу, радикализм, экстремизм жана терроризм түшүнүктөрү жөнүндө маалыматтык, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер менен жолушууда жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле зыяндуу адаттардан алыс болуу жана жаштар арасында баңги заттарды колдонбоо боюнча маалымат берип өттү. Суроо-жоопко активдүү катышышты.