23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата агайлар арасында волейбол, стол тенниси, кол күрөш оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

2026-02-23 10:20:44 6

2026-жылдын 21-февралында Ош МУнун медициналык колледжинин «Дене тарбия бөлүмү» ПЦКсы директордун тарбия иштери боюнча орун басары Ж.А.Исманалиева менен биргеликте 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата агайлар арасында волейбол, стол тенниси, кол күрөш оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты сергек жашоо образын жайылтуу жана жамааттын ынтымагын бекемдөө. Иш- чараны медициналык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары п.и.к., доцент Д.К.Торобаева, Ош МУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы б.и.к., доцент Саттаров Абсамат Эрмаматович жана медициналык колледжинин «Дене тарбия бөлүмү» ПЦКсынын башчысы И.Ф.Сулаймановалар ачып беришти жана кызуу куттукташты. Мелдеш достук жана атааңдаштык маанайда өтүп, уюштуруучуларга терең ыраазычылык айтылды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, мындай иш-чаралар келечекте да улантылаары белгиленди. Ошондой эле медициналык колледждин кесиптик бирлик комитети тарабынан медициналык колледждин агайлар арасында бильярд оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдештин жүрүшүндө 20 дан ашык агайлар катышып, жыйынтыгында Алимбеков Өмүрбек Алимбекович 1- орунга ээ болду, 2- орунга Бадиров Ихматбек, 3- орунга Сатиев Мирлан ээ болушту. Оюндун жыйынтыгында ооз ачарга сый тамак уюштурулуп, жалпы жамааттагы агайлар сыйланды.