Колледжде ОСОО «Дармек-фарм» дарыкана тармагынын негиздөөчүсү менен конок лекция уюштурулду.

2026-01-29 07:46:51 37

18.12.2025-жылы медициналык колледжде ОСОО «Дармек-фарм» дарыкана тармагынын негиздөөчүсү Киргизбаев Заирбек Амираджанович жана чекене соода секторунун директору Токтомушева Асел “Талаптагыдай кампа практикасын уюштуруу” аттуу темада конок лекция өтүштү. Ага, фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары катышып көптөгөн жаңы маалыматтарды жана өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Сабактын жүрүшүндө дарылык каражаттарды сактоо, сатуу, кайра кайтаруу, азыркы учурдагы фармацевттердин билимин жогорулатуу, дарыканада иштөөдөгү жаңы технологиялар боюнча чыгарылган токтомдор, маалыматтар менен бөлүшүштү. Дарыканада иштөөдө керектелип жаткан 1С программа, дарылык каражаттардын жана медициналык буюмдардын электорндук базасы, ФОМС базасы, ККМ, дарылардын баасын көзөмөлдөөнүн эрежеси ж.б. заманбап маалыматтарды берүү менен окутуучулардын кызыгуусун арттырды. Лекциянын жыйынтыгында коноктор ыраазычылык каттар менен сыйланышты.