12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.

2025-12-16 03:44:01 58

12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата 11 декабрь күнү медициналык колледжинин кыргыз, орус, англис тили окутуучулары тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов,акын Алыкул Осмоновго арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Иш-чара үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилдеринде уюштурулду.Кечеге директордун окуу иштери жана тарбиялык иштери боюнча орун басарлары Д. Торобаева жана Ж. Исманалиева катышышты. Кеченин жүрүшүндө көркөм окуулар үч тилде окулуп, ыр-бийлер, ошондой эле сахналык көрүнүштөр тартууланып, катышуучуларга терең таасир калтырды