«Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференцияда студенттерибиз 1- орунга ээ болушуп I- даражадагы диплом менен сыйланышты.

2025-12-08 11:17:46 105

2025-жылдын 29- ноябрь күнү «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция 600 дөн ашуун студенттин катышуусу менен болуп өттү. Конференцияга медициналык колледждин фармация адистигинин 2- курсунун студенттери Сайфудинова Эльмара жана Асилбекова Азема катышып “МОРФО-КЛИНИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР” секциясында 1- орунга ээ болушуп I- даражадагы диплом менен сыйланышты. Студенттерди фармациялык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары Рысбеков Нурдоолот, Жакыпова Гулимира даярдашты.