Терапиялык дисциплиналар ПЦКсы 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара уюштурду.

2025-12-08 10:46:17 48

2025-жылдын 28-ноябрь күнү Ош МУнун медициналык колледжинин «Терапиялык дисциплиналар» ПЦКсы 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара уюштурду. Иш-чараны медициналык колледжинин директору, м.и.к., доцент З.С.Арынов ачып берди. Иш-чарага медициналык колледждин профессордук-окутуучулук курамы, жетекчилик, студенттер жана Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун врач- эпидемиологу Каныбек уулу Алмамбет катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө “Акушердик иши” адистигинин студенти Асан кызы Элнура СПИД оорусу боюнча доклад окуду. “Дарылоо иш” адистигинин 1-курсунун студенттери тарабынан СПИД оорусунун жугуу жолдорун чагылдырган сценарий көрсөтүлдү. Ал эми врач-эпидемиолог Каныбек уулу Алманбет өлкөбүздөгү СПИД оорусунун таралуусу, жугуу жолдору, аныктоо жана дарылоо ыкмалары боюнча кеңири маалымат берип, студенттер арасында кызуу талкуу жүрдү. Студенттер даярдаган чакан концерттик программа көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Иш-чараны уюштуруучулар: “Терапиялык дисциплиналар” ПЦКнын төрайымы Г.А.Мамытова жетектеген ПЦКнын окутуучулары Ч.С.Амирова, Дооранбек кызы Элмира жана С.У.Исматиллаева. Иш-чарага “Терапиялык дисциплиналар” ПЦКсынын окутуучулары С.А.Арзиева, Т.Тойчиев, Ч.Иманкулова, А.Х.Тажибаева, Ш.М.Каримова, А.Кудайбердиева, М.С.Абдыкадырова, Т.Маметова жана студенттер активдүү катышышты.