Медициналык колледжинин окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Алмалык медициналык техникумуна барып келишти.

2025-12-08 10:27:49 92

2025-жылдын 25-26-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинин окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Алмалык медициналык техникумуна барып келишти. Иш сапардын жүрүшүндө алар тажрыйба алмашып, конок лекцияларды окуп, мастер-класстарды өткөрүп келишти.