1-2-курстун студенттерине диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу, радикализм, экстремизм жана терроризм түшүнүктөрү жөнүндө маалыматтык, түшүндүрүү профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү.

2025-12-08 10:06:36 62

2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана 2025-жылга карата Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн биргелешкен иш-чаралар планынын негизинде 2025-жылдын 13-ноябрында Ош МУнун медициналык колледжинде КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин өкүлү А.К.Оморов, Ош МУнун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн башчысы Н.М.Арзиев жана Акимжан у. Кыялбек, КРнын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Г.Ж.Жакыпова жана Ош шаарынын ИИБнын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкери, милициянын капитаны Эсенхан у. Эмилдердин катышуусунда 1-2-курстун студенттерине диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу, радикализм, экстремизм жана терроризм түшүнүктөрү жөнүндө маалыматтык, түшүндүрүү профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Г.Ж.Жакыпова жаштар арасында баңги заттарды колдонуунун алдын алуу боюнча маалымат берип өттү. Ал эми КР ИИМ БМЖККК КБнун кенже тескөөчү кинологу, милициянын прапорщиги Айдарали у. Нурмухамед “Керез” аттуу атайын кызматтык ит менен кылмыштуулукту ачуу, баңги заттарды табуу боюнча жандуу көрүнүштү чагылдырып берди. Суроо-жоопко активдүү катышкан студенттерге КР ИИМ БМЖККК тарабынан баалуу белектер тапшырылды.