«Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялык оорулардын жана күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын алуу» темасында тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

2025-12-08 09:55:43 7

Бүгүн, 2025-жылдын 28-октябрында, ОшМУнун Медициналык колледжинде Аялдар кеңеши жана "Акушердик жана педиатриялык" дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары тарабынан «Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялык оорулардын жана күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын алуу» темасында тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты: Жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу, туура жүрүм-турумду калыптандыруу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу. Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар Токтошева Гулнур Кубанычбековна жана Акматова Замира эжекелер слайд жана видеороликтер аркылуу кеңири маалымат берип, студенттер менен пайдалуу маек өткөрүштү. Мындай иш-чаралар жаштардын ден соолук маданиятын жогорулатууга жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууга чоң салым кошот. Эстеп жүрүңүз: ✓Коопсуз мамиле- сиздин тандооңуз. ✓ Өз убагында текшерилүү - жоопкерчилик. ✓Ден соолук- баарынан кымбат.