“Өзгөчө кырдаалдарда дарыгерге чейинки алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары” аттуу темада мастер класс уюштурулду.

2025-10-22 09:44:11 43

ОшМУнун медициналык колледжинин директору З.С. Арынов, директордун окуу иштери боюнча орун басары Д.К. Төрөбаева жана окуу усулдук кеңешинин төрайымы А.Б. Арзиева тарабынан 15.10.2025-жылы студенттин өз алдынча ишин кабыл алууда дедлайн методду колдонуу менен “Өзгөчө кырдаалдарда дарыгерге чейинки алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары” аттуу темада мастер класс уюштурулду. Даярдоого колледждин бир канча ПО курам катышты. Алар: Б.М. Орунбаева, К.К. Жапаров, А.Ж. Токторов, Ж.Ж.Токтосунов, Г.А. Жоробаева, Ж.А. Исманалиева, З.А. Жолдошева. Мастер класс бир канча адистиктин студенттеринин иштерин айкалыштыруу менен теориялык билимдерин практика жүзүндө демонстрациялоо, командада иштөө менен жүрдү. Иш-чара университеттин деңгээлинде өткөрүлдү жана төмөндөгү окуу жайлардан Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окуу методикалык кеңешинин төрайымы З. Жаанбаева, жалпы кесиптик дисциплиналар ПЦКсынын төрайымы К. Раева, НББП жетекчиси К. Качкынов агайлар катышып өз ойлорун билдиришти. Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнөн М. Нурмаматова, Б. Сайпидиновалар катышып бул методду медициналык эмес окуу жайларга да жайылтууну сунушташты.