Укук бузуулардын алдын алуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы мыйзамдарды жаштарга жеткирүү максатында иш-чара өткөрүлдү.

2025-10-22 09:39:25 43

2025-жылдын 14-октябрында медициналык колледжинде Ош МУнун студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын арасында укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы мыйзамдарды жаштарга жеткирүү максатында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнын башчысынын орун басары, милициянын капитаны Абдиев Шумкар Кутманович, Ош МУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Арзиев Нурлаким Маматкулович, Ош МУнун коопсуздук кызматынын инспектору Акимжан уулу Кыялбек, Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнын ЖИИнын АТсу, милициянын улук лейтенанты Алмазбек к. Бермет жана Ош МУнун психология кафедрасынын окутуучусу Жакыпова Наар Суйунбековалар катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө: 1. Үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу кылмыштар жана КЫЛМЫШ ЖАЗА КОДЕКСИНИН "өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу", "зордуктоо", "үй-бүлөдөгү зомбулук", "бейбаштык", "опузалоо", "адам өлтүрүү", "кылмыштуу чөйрөнү түзүү жана ага катышуу", "улуттар аралык кастыкты козутуу"ж.б. кылмыш чөйрөсүндөгү кырдаалдар жөнүндө маалымат; 2. Университеттин ички жүрүм-турум эрежелеринин талаптарын түшүндүрүү, эрежелерди сактоо жана укук бузуулардын, бейбаштыктын алдын алуу; 3. Коомдук тартипти бузгандарды окуу жайынан чыгарууга чейинки тарбиялык жана тартиптик мүнөздөгү көрүлгөн чаралар; 4. Кылмыштардын түрлөрүн аныктоочу, жасалган кылмыштар үчүн жазанын даражаларын жана түрлөрүн белгилөөчү жазык мыйзамдарынын нормалары; 5. Кенже курстун студенттеринен акча талап кылуу, о.э. формалдуу эмес топторду уюштуруу жана ага кошулгандыгы үчүн жазанын сөзсүз болушу; 6. Ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмү тарабынан укук бузууларды жасаган адамдарды эсепке алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.