2025-10-06 09:38:17 140
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттери планы жөнүндө" жарлыгына ылайык жана Ош мэриясынын "Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо" боюнча жарлыгынын негизинде 2025-жылдын 20-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликти ар бир ПЦКнын окутуучуларынан жооптуу окутуучулар (медайым иши ПЦКсынан Жээнбекова Гулбарчын, фармациялык дицсиплиналар ПЦКсынан Жакыпова Гулмира, табьият таануу жана так илимдер ПЦКсынан Жумагулова Барчынай)көзөмөлүндө уюштурулуп ишке ашырылды.