Япония мамлекетинен Азума Изуми баштаган расмий делегация медицина колледжине келди.

2025-10-06 09:33:11 74

2025- жылдын 12-сентябрь күнү Япония мамлекетинен Азума Изуми баштаган расмий делегация медицина колледжине келип, студенттер жана окутуучулар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын алкагында академиялык мобилдүүлүк программаларын уюштуруу, тажрыйба алмашуу жана Японияда ишке жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул жолугушуу билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталды.