2025-04-25 08:51:07 18
2025-жылдын 18-апрелинде медициналык колледжде медайым ишинин негиздөөчүсү Флоренс Найтингейлдин 205 жылдыгына арналган билим берүү викторинасы болуп өттү. Викторинаны орус тили окутуучусу Атажанова Нурсулуу Адыловна уюштуруп, «Медайымдар иши» адистигинин эксперименталдык агымынын 1-курсунун студенттери арасында өткөрдү. Викторина үч турдан жана Флоренстин өмүр таржымалы боюнча кейс тапшырмалардан тузулгон. Иш-чара достук маанайда өтүп, студенттер активдүү болуп, жакшы билимин жана темага болгон кызыгуусун көрсөтүштү. Ар бир турга компетенттүү жюри баа берип, анын курамына медициналык колледждин директору З.С. Арынов, орус жана англис тилдеринин окутуучулары Маликова А., Ибрагимова Р., ошондой эле медайымдык иш боюнча окутуучу Кыдыршаева А.кирген.