Ош мамлекеттик университети Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте окуу жайдын институт, факультет, колледждерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

2025-04-09 08:54:33 29

2025- жылдын 7- апрель күнү Ош мамлекеттик университети Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте окуу жайдын институт, факультет, колледждерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары, ошондой эле жаштарды эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин идеологияларынан коргоо жагынан Кылмыш-жаза кодексинин жана Кылмыш-жаза кодексинин нормалары түшүндүрүлдү.