Дуалдык окутууну иш жүзүнө ашыруу максатында "Медикана плюс" жеке лабораториясынын ишмердүүлүгү менен жакындан танышылды.

2025-03-25 06:55:10 29

2025-жылдын 19-март күнү Жалпы медициналык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары жана окуу жайыбыздын директору Арынов Замирбек Сапарбаевич, окуу иштери боюнча директордун орун басары Төрөбаева Данахан Калкожоевна менен биргеликте иш берүүчүлөр менен кызматташууну улантуу жана дуалдык окутууну иш жүзүнө ашыруу максатында "Медикана плюс" жеке лабораториясынын ишмердүүлүгү менен жакындан танышылды. Иш-чаранын алкагында лабораториялык дартты аныктоодогу актуалдуу маселелер кызуу талкууланды. Бизди ынтызарлык менен жылуу кабыл алган Абдылдаева Гульзат Лимбековнага жана жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.