Дуалдык окутуу боюнча эки тараптуу макулдашылды.

2025-03-18 08:59:42 26

Бүгүн 18-март күнү жалпы медициналаык дисциплиналар ПЦКсы тарабынан атайын чакыруу менен Ош шаарындагы "Медикана плюс" жеке лабораториясынын башчысы Абдылдаева Гульзат Лимбековна "Ключевая роль лаборанта в медицине" - аттуу темада презентация жасап берди. Презентацияга колледжибиздин директору Арынов Замирбек Сапарбаевич, директордун окуу иштери боюнча орун басары Төрөбаева Даанакан Калкожоевна, адмнистрация мүчөлөрү, лаборатордук дартты аныктоо адистигинин баардык студенттери, агай-эжекелер катышышты. Презентацияда лаборатордук дартты аныктоо адистигинин бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери жана келечеги жөнүндө, ошондой эле "Медикана плюс" лабораториясынын материалдык техникалык базасы, лабораториялары тууралуу кеңири баяндама жасалды. Иш-чаранын соңунда студенттерди окутууда биргелешип иш алып баруу тууралуу келишимдерге кол коюлду. Эң башкысы Лаборатордук дартты аныктоо адистиги боюнча Дуалдык окутуу боюнча эки тараптуу макулдашылды. Дуалдык окутуу эмгек рыногунун талабын эске алуу менен окуу программаларын иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен иштеп чыгууга, өз потенциалын, педагогикалык курамдын квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк берет жана окуу жайыбыздын имиджин жогорулатат деген ойдобуз.