«Эне тил – жүрөктүн тили” аталышындагы адабий-музыкалык кече болуп өттү.

2025-03-13 06:46:42 24

Дүйнөдө канча тил болсо, ошончо эл, ошончо салт жалпылап айтканда маданият бар. Өсүп келе жаткан муунга элдерди таанытуу, тилдерди даңазалоо максатында 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата 2025-жылдын 24-февралында ОшМУнун медициналык колледжинде «Эне тил – жүрөктүн тили” аталышындагы адабий-музыкалык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Музыкалык кеченин жүрүшүндө колледждин таланттуу студенттери тарабынан сыбызгыган комуз коштолгон күүлөр, күпүлдөтө “Манас” эпосунан үзүндү, ар улуттун тилин даңазалаган ыр саптары көркөм окулуп, созолонтуп ар тилде ырлар ырдалып, ар улутту өзгөчөлөп турган каада-салттары жогорку деңгээлде көрсөтүлдү. Иш-чараны уюштуруучулар:Атажанова Нурсулуу, Жумабек кызы Гүлкан, Муратбаева Кызбурак, Орунбекова Асылгүл, Маликова Анипа,Амиракулова Батма,Ибрагимова Рахатой.