2014-05-24 09:24:50 275
2014-жылдын 21-майында медициналык колледжде ата-энелердин чогулушу өткөрүлдү. 18 тайпанын (6 адистиктен иргелип алынган) ата-энелери студенттердин колдору менен жасалган көргөзмөгө күбө болушту. Директор К.Аттокуровдун мазмунду баяндамасын угушту. Суроо-жооп маектешүү өткөрүлдү. Келечекте ата-энелер менен окуу жайдын алакасын бекемдөө, кабардар болуу, бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүү макулдашылды. Келген ата-энелер лабораторияларды көрүшүп, ыраазычылыктарын билдиришти.