Кызыл-Кыя шаарынын медколледжи менен тажрыйба алмашуу

2018-02-28 10:01:18 297

2018 жылдын 27 февралында Ош МУнун медициналык колледжине Кызыл- Кыя шаарындагы медициналык колледжинин 16 окутуучусу тажрыйба алмашуу үчүн келишти. Медколледждин материалдык- техникалык базасы, окутуу кааналары менен таанышып, окутуучулар менен маектешишти. Окутуучулар Б. Сайпидинова, Б. Алиева, Д. Торобаева окутуунун модулдук системасы, AVN программасы, жумушчу программа менен, силлабус түзүнүн ыктары ж.б.керектүү иш кагаздары боюнча семинар өтүштү. Суроо-жооп иретинде терең, натыйжалуу маектешуу өткөрүлдү. Келечекте эки окуу жайдын алакасын, байланышын өркүндөтүү максатында демилгелер , иш- пландар белгиленди.