Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 96 жылдыгына карата адабий-музыкалык кече уюштурулду.

2024-12-19 09:47:11 11

2024-жылдын 9-декабрында ОшМУга караштуу медициналык колледжинде «Фармация» жана “Акушердик иши”адистигинин 1-курсунун студенттеринин катышуусунда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 96 жылдыгына карата адабий-музыкалык кече жогорку деңгээлде болуп өттү. Адабий-музыкалык кече орус тили окутуучусу Атажанова Нурсулуу Адыловна жана англис тили окутуучусу Маликова Анипа Заниевна тарабынан уюштурулду. Программа ырлар, элдик бийлер, афоризмдер, цитаталар, Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» «Биринчи мугалим» “Саманчынын жолу”повестинен Толгонайдын монологу чыгармаларынан үзүндүлөр менен коштолду.Студенттер жогорку денгээлде аткарып беришти. Бул масштабдуу иш-чарага университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, доцент Шарипова М.С., медициналык колледждин директору,доцент Арынов З.С., директордун тарбиялык иштери боюнча орун басары Ж.Исманалиева катышышты. Иш-чарага активдүү катышкан студенттер Грамота, Ыраазычылык кат менен сыйланышты.