1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.

2024-11-29 06:19:49 31

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата бүгүн (28.11.2024.) ОшМУнун медициналык колледжинин терапиялык дисциплиналар ПЦКсы тарабынан иш-чара уюштурулду. Иш-чараны медициналык колледждин директору, м.и.к, доцент З.С. Арынов ачып берди. Иш-чарага медициналык колледждин профессордук окутуучулук курамы, жетекчилик, студенттер жана Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун врач эпидемиологу Каныбек уулу Алмамбет катышты. Иш-чарада 3-курс медайым иши адистигинин студенти Токтосунова Айгерим “СПИД” жөнүндө доклад окуду жана 1-курс дарылоо иши адистигинин студенттеринин катышуусу менен СПИДдин жугуу жолдорун чагылдырган сценарий көрсөтулдү. Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун врач эпидемиологу Каныбек уулу Алмамбет “СПИД” оорусу боюнча студенттерге Кыргызстандагы абал, оору жөнүндө жана ооруну ананимдүү аныктоо ыкмалары боюнча кеңири маалымат берди. Студенттер арасында кызыгууну жаратып, суроо-жооп менен коштолду. Иш-чараны уюштуруучулар терапиялык дисциплиналар ПЦК сынын төрайымы Г.А.Мамытова жана ПЦКнын окутуучулары А.И.Арзиева, Ч,С.Амирова, Дооранбек к Элмира, А.Х. Тажибаева, Ш.М.Каримова, А.А.Машрабова, М.С.Абдыкадырова.