2024-11-23 14:05:32 43
2024- жылдын 14,15- октябрь күндөрү Бишкек шаарында MER долбоорунун алкагында пилоттук колледждерди жогорку окуу жайларга трансформациялоо стратегиясын иштеп чыгуу боюнча тренинг өткөрүлдү. Катышуучулар “жогорку колледждин” критерийлерине кантип жооп берүү жана өз институттарынын негизги көйгөйлөрүн чечүү боюнча маанилүү билимге ээ болушту. Эске сала кетсек, MER долбоору бир нече жылдан бери 5 медициналык колледжге колдоо көрсөтүп келет, алар пилоттук колледждердин катарына кирет, анда «Медайымдар иши» адистиги боюнча жаңы программа киргизилген (Бишкек, Токмок, Өзгөн, Ош жана Нарын).