"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тарыхый жолу" темасында студенттерге доклад окуу конкурсу өткөрүлдү.

2024-11-23 13:59:21 16

2024-жылдын 15-октябрында Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин Кыргызстан тарыхы предметинин окутуучулары Ормоналиев Канатбек Орозович, Исакулов Санжар Кокоевичтердин жана "Фармация" адистигинин 1-курсунун студенттеринин катышуусунда Кара-Кыргыз автономиялуу ооблусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстан тарыхы предметинин окутуучусу Ормонов Канатбек Орозович "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тарыхый жолу" темасында студенттерге доклад окуду. Тайпалар арасында жарыяланган дубал газеталар конкурсу жыйынтыкталып, "Фармация" адистигинин 1 Фр - 10-24 тайпасы I орунду, 1 Фр - 8-24 тайпасы II орунду, 1 Фр - 1-24 тайпасы III орунду ээлегендиктери үчүн Диплом, ал эми активдүү катышкандыгы үчүн 1 Фр - 2-24 тайпасы Ыраазычылык кат менен сыйланышты.