И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Квалификацияны жогорулатуу борборунан курстан отүү учуру.

2023-06-02 04:15:43 108

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Квалификацияны жогорулатуу борборунун биргелешкен аракеттеринин алкагында 2023-жылдын 29-30-май күндөрү "Дисциплиналарды окутууда STEM технологияларын колдонуу" жана "Билим берүү сапатын башкаруунун заманбап технологиялары" программалары боюнча 72 саат көлөмүндөгү квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулуп өткөрүлдү. Окуу курсунун башталышы менен ОшМУнун жетекчилигинин атынан Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча проректору, доцент К.Токторов куттуктап, Аккредитация жана сапат бөлүмүнүн башчысы, профессор М.Алтыбаева, Квалификацияны жогорулатуу нун директору А.Аккуловдор куттуктоо созун суйлошту. Курска медициналык колледжин 5 окутуучу катышып, билимин оркундотту. Тренерлердин эки күндүк кызыктуу, интенсивдүү жана жемиштүү иштери жыйынтыкталып, соңунда сертификаттар тапшырылды.