Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледждин студенттери Германияга барып өз кесиби боюнча иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлдү.

2023-02-22 12:34:45 158

Германиянын EDUVISO билим берүү борборунун баш директору Штефан Шандера Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжи менен эки тараптуу кызматташуу максатында аталган окуу жайга келди. Сый конокту алгач окуу жайдын директору, медицина илимдеринин кандидаты доцент Арынов Замирбек Сапарбаевич кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Штефан Шандера EDUVISO билим берүү борборунун ишмердиги, эки тараптуу кызматташуунун багыттары боюнча маалымат берди. Андан соң германиялык билим берүү борборунун баш директору медициналык колледждин администрация жана окутуучулар жамаатты менен жолугушуп, ар-түрдүү суроолорго жооп берди. Учурда Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин "Медициналык айым иши" адистиги боюнча EDUVISO билим берүү борборунун программасы боюнча эки тараптуу келишим түзүлдү. Мында, адистик билиминен тышкары немец тилин, Германиянын маданиятын, салт-санаасын окуп үйрөнүшөт.