Кыргызстандагы медициналык колледждер Ассоцациясы тарабынан уюштурулган Олимпиадада 3-орунга ээ болдук

2022-06-24 16:10:19 160

Жалал-Абад медициналык колледжинде 2022-жылдын 18-июнь куну Кыргызстан медициналык колледждер Ассоцациясынын №8 16.06.2022-жылдагы буйругунун негизинде Республика боюнча медициналык колледждер арасында "Сестралык иш" адистигинин бутуруучу курстагы студенттеринин катышуусунда онлайн форматта олимпиада откорулду. Олимпиаданы Кыргызстан медициналык колледждер Ассоцациясынын президенти Станбаев Озгонбай Тилебаевич ачып берди. Томонку курамда комиссия тузулуп: Жалал-Абад областык медициналык маалымат борборунун директору -Чодуева Гулбара Чырмашевна комиссиянын торайымы, ЖАОКБнын анестезиология жана реанимация болумунун улуу медайымы - Кебекбаева Анаркул Исабаевна; ЖАОКБнын сезимтал оорулар болумунун улуу медайымы олимпиаданын журушун башынан аягына чейин козомолдоп турушту. Олимпиадага республика боюнча 18 медициналык колледждердин студенттери катышышты. Жыйынтыгында Бишкек медициналык колледжинин студенти Бекматова Альбина Борисовна 84 балл менен 1-орунга, Н.И.Пирогов атындагы МК студенти -Ахметова Сауле жана Талас медициналык колледждин студенти -Темирбека Жанара Эркинбековналар 74 балл менен 2-орунга, ОшМУ алдындагы медициналык колледждин студенти - Мойдунова Чолпонай Абдимиталиповна 72 балл менен 3-орунга ээ болду. Кыргызстан медициналык колледждери Ассоциациясы тарабынан женучулорго диплом, жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, Джалал-Абад медициналык колледжи олимпиаданы жогорку денгээлде уюштурганы учун ардак грамота менен сыйланды. Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!