2015-02-27 12:02:40 266
Астрологтордун изилдөөсү боюнча 17-февраль мээримдүүлүк күнү деп аныкталган. Мына ошого байланыштуу Ош МУнун медийиналык коллежинин аялдар кеңешинин төрайымдары Абдрасакова Г., Тойчиева А., Шерматова Ж. кыздар менен жолугушуу уюштурушту. Азыркы мезгилдин көйгөйлүү маселелеринин бири болгон өспүрүмдөрдүн репродукциялык саламаттыгын сактоо жана бойдон алдыруу, анын кесепеттери жөнүндө гендердик теңсиздик, сексуалдык зомбулук боюнча маалымат беришти. Бул суроого жооп берүү үчүн Ош облустук үй-бүлөөлүк медициналык социалдык жардам берүү борборунун өспүрүмдөрдүн репродукциялык саламаттыгын сактоонун акушер-гинеколог адиси Алдосова Айгүл Бекболотовна жана Салиева Нургүл Сартбаевнаны чакырып кызыктуу маек курушту. Жолугушууга медициналык коллеждин 500 дөн ашуун кыздар келип, өз суроолоруна жооп алып кетишти.