ОшМУнун медициналык колледжинде Кыргызтандын түштүк аймагында жайгашкан медициналык колледждердеги студенттер аралык предметтик аймактык олимпиада өткөрүлдү.

2019-04-19 23:24:22 266

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата 2019-жылдын 19-апрель күнү ОшМУнун медициналык колледжинде Кыргызтандын түштүк аймагында жайгашкан медициналык колледждердеги студенттер аралык предметтик аймактык олимпиада өткөрүлдү. Кыргызтандын түштүк аймагында жайгашкан 11 медициналык колледжден 44 студент катышты. Бул аймактык олимпиадага ОшМУнун медициналык колледжинен 4 студент катышып алдыңкы орундарды ээлешти. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана бардык катышуучулар атайын дипломдор, белектер менен сыйланышты. Олимпиаданы өткөрүүдө жакындан көмөк көрсөтүшкөн уюштуруу комитетинин төрагасы ректорубуз, профессор Каныбек Абдуваситовичке, төраганын орун басары – илимий иштер боюча проректор, профессор Идирис Гуламовичке, ЖОЖдорго чейинки даярдоо департаментинин директору, доцент Тажимамамат Кудайбердиевичке, директорубуз Курсантбек Шарабидиновичке, КР боюнча медициналык колледждердин ассоцациясынын президенти Өзгөнбай Тилебаевичке, медициналык колледжинин илимий иштери боюнча директордун орун басары, доцен Бибигүл Маматовнага жана жалпы медициналык колледждин жамаатына ыразычылык билдиребиз.